Перуда автобус кырсыкка учурап, 17 адам каза болду
Перу өлкөсүнүн Патас провинциясында автобус кырсыкка учурап, 17 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын жазган маалыматына ылайык, Перунун түштүк тарабындагы Патас провинциясында автобус жолдон чыгып, капчыгайга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 17 адам жеринде каза болуп, 6 адам жаракат алган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча автобус жолдон чыгып, 200 метр бийиктиктен капчыгайга кулап түшкөн. Коомдук унаанын ичинде 33 адам болгон. Алардын арасында кичинекей балдар дагы бар. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилди.
Учурда куткаруучулар жеринде иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
20:44
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.