Депутат кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу керектигин айтты
Депутат Шайлообек Атазов кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кумтөрдөн" кем калбаган Ала-Бука, Чаткал, Чоң Алай аймактарында көптөгөн кен жайлары иштеп жатат. Алар эч көзөмөлдөнгөн жок. Эгер алардын алтын кендин баарын мамлекеттин пайдасына иштетсек ар бир Кыргыз жараны бакубат жашоого жетишмек. Ошондуктан булардын чыныгы кожоюндарын чакырып, кен казып жаткан компаниялар менен түзүлгөн келишимдерди кайрадан карап чыгуу зарыл. "Кумтөрдөн" кийинки кен байлыктар боюнча министрлер кабинети терең иш алып барышы керек”, – деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.