super.kg logo

Өлкөдө бензин жыл башынан бери канча пайызга өстү? Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде абал кандай?

 

2021-жылдын башынан тартып 1-июнга чейин Орусиянын өндүрүүчүлөрүнүн күйүүчү-майлоочу каражаттарынын эң популярдуу түрлөрүнө сатуу бааларынын көтөрүлүшү (транспорттук чыгымдарды кошкондо) төмөндөгүдөй:

- АИ-92 бензининин бир тоннасы 360 доллардан 670 долларга чейин - өсүш 86% түздү. Бул орто эсеп менен күйүүчү майдын 19,3 сомун түзөт;

- дизелдик отун үчүн: тоннасы 400 доллардан 600 долларга чейин - өсүш 50% түздү. Бул орто эсеп менен күйүүчү майдын 14,6 сомун түздү;

Нефть продуктуларына заводдук баалардын жигердүү өсүшүнө карабастан, жыл башынан бери өлкө аймагындагы май куюучу жайларында чекене баалардын иш жүзүндө өсүшү:

- АИ-92 бензининин орточо чекене баасы январь айындагы 35,7 сомдон ушул жылдын июнь айынын башында 50,4 сомго чейин өстү. Тактап айтканда, 14,7 сомго же 41 пайызга өстү;

- дизелдик отун - январда 36,1 сомдон ушул жылдын июнь айынын башында 46,1 сомго чейин. Башкача айтканда, 10 сомго же 28 пайызга;

2021-жылдын башынан бери нефтини кайра иштетүүчү заводдордун сатуу бааларынын жогорулашы мунай затына жана дүйнө жүзү боюнча мунай заттарына суроо-талаптын көбөйүшүнө байланыштуу.

Орусиядагы сатуу бааларынын жогорулашы жана ресурстардын чектелгендигине байланыштуу кыйын кырдаалга карабастан нефтетрейдерлер ассоциациясы республиканы үзгүлтүксүз күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыздоону жана социалдык багыттагы баа саясатын карманууну улантышууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргыз өлкөсүнө 557,7 миң тонна мунай зат импорттолгон. Анын ичинен бензин - 336,7 миң тонна, дизелдик отун - 221 миң тонна.

Сиздер менен чогуу Кыргыз өлкөсүндөгү май куюучу жайлардагы бааларды ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жана жакынкы КМШ өлкөлөрүндөгү баалар менен салыштырмалуу талдап көрөлү:

Кыргыз өлкөсүндөгү май куюучу жайлардын учурдагы чекене баасы мурдагыдай эле ЕАЭБ жана Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу жакынкы КМШ өлкөлөрүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоочу өлкөлөрдүн арасында эң төмөн бойдон калууда. Бул өлкөлөргө салыштырмалуу баалардын айырмасы АИ-92 бензини үчүн орто эсеп менен литри 10 сом, ал эми жайкы дизелдик отун үчүн литри 16 сомдон ашат.

Мындан тышкары, Кыргыз өлкөсүнүн чекене баасы күйүүчү майдын көлөмү ташылып келген Орусиядагы чекене баалардан төмөн. Бул Орусиядан күйүүчү-майлоочу майларды пошлинасыз жеткирүүнүн аркасында мүмкүн болду. 2021-жылдын башынан бери пошлиналык жол менен жыйымдан үнөмдөө болжол менен 7 миллион 500 миң АКШ долларын түзгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.06.2021. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийлик менен нефтетрейдерлер ассосациясы бизнес жасап жатат, атайы бензинди кымбаттатып. 30 сомдук бензин 50 сом болду, 80 сомдук суу май 160 сом болду. Дагы эн арзаны бизде дейсинер уялбай. Эн аз айлык акы бизде экенин эмнеге айтпайсынар ыя? Мисалы бир орус айлыгына 1500-2000 литр бензин алып куя алса, кыргыз айлыгына 300-400 литр гана ала алат. Аны эмнеге айтпайсынар?

Бул бийлик келгенден бери баалар арзандабай эле кайра тынымсыз осуп жатат. Айрыкча бензин менен продуктунун
11.06.2021. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Antiradikal5,эң туура
11.06.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан дагы эн начар иштей албаган элди ойлобогон бийлик дагы бизде деп кошуп койсонор
11.06.2021. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарда неге арзан ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: