super.kg logo

"Биздин футболчулар кайдан ковид жуктуруп алганы белгисиз" дейт Кыргыз футбол союзунун президенти

 

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында өтчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турундагы Футбол боюнча Кыргыз курама командасында жаралган абал боюнча маалымат жыйын өтүүдө. Жыйынга Кыргыз футбол союзунун президенти Канатбек Маматов жана Кыргыз футбол союзунун укук бөлүмүнүн жетекчиси Нурдин Букуев катышууда.

Кыргыз Футбол союзунун президентинин айтымында, футболчулардын Кыргыз өлкөсүндө тапшырган тестинен коронавирус илдети чыккан эмес.

"Бул жактан баары жакшы кетишкен. Бирок алар кайдан ковид жуктуруп алганы белгисиз. Тагыраагы, алардын тапшырган тестинен коронавирус чыккан.

Биздин оюнчулардын арасында башка мамлекеттерде ойногондор дагы бар. Ошол себептен мунун баарынын алдын алуу кыйынчылыкка турду", - деди Маматов.

Ошондой эле ал оюнчулар вакцина алышса организминде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу, ал оюнга таасир этеби деген суроолор турганын кошумчалады. Ал эми Нурдин Букуев вакцина алуу ар бир адамдын жеке чечими экенин, мажбурлап оюнчуларды вакцина алдыруу мүмкүн эместигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: