super.kg logo
  Спорт  

"Бүгүнкү оюнда колдон келсе аз гол киргизиш керек". Тайпадагы "Ак шумкарлардын" абалы кандай?

 

Бүгүн, 11-июнда Япониянын Осака шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Мьянма курамасына каршы ойнойт.

Мьянма курамасы менен "Ак шумкарлар" тарыхында 4 жолу беттеш өткөрүп, анда Кыргыз курамасы 3 жолу жеңишке жетип, 1 беттеш тең ​​чыгуу менен аяктаган. 2019-жылдын октябрь айында ушул эле тайпалык баскычтын 3-турдук оюнунда Кыргыз курамасы Бишкекте Мьянманы кабыл алып, беттеш 7:0 эсебинде "Ак шумкарлардын жеңиши менен аяктаган.

Мьянманын башкы машыктыруучусу Антуан Хэй тайпадагы оюндарга даярдыгын 28-майда баштап, улуттук курамга 23 оюнчуну чакырган. Мьянма курама командасы бүгүнкү оюндан тышкары 15-июнда Тажикстан менен ойнойт. ФИФАнын май айындагы рейтингинде Мьянма 129-орунду, "Ак шумкарлар 99-орунду ээледи.

Бүгүнкү оюнда "Ак шумкарлар" Мьянманы сөзсүз түрдө жеңиш керек. Ошол эле учурда колдон келсе аз гол киргизишибиз керек.

Эгерде биз утулуп калган Монголия тайпада акыркы орунду ээлесе, анда ал менен болгон беттештер эсепке алынбайт. Монголия тайпадагы бардык оюндарын ойноп бүттү. Демек, бардыгы Мьянмадан көз каранды. Эгерде Мьянма акыркы эки оюнунда , тагыраагы "Ак шумкарлар" жана Тажикстан менен болгон оюнунда 6 же андан көп гол өз дарбазасына өткөрүп алса, тайпада акыркы орунга түшөт. Бул бизге керек эмес. Эгер акыркы орунду ээлесе, Тажикстанга көбүрөөк мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби алар 2019-жылы 19-ноябрда Мьянмага утулуп калышкан.

Жигиттер! Ошон үчүн бүгүн Мьянманы болушунча аз гол менен сөзсүз жеңишибиз керек. Бизге Монголиянын тайпада акыркы орунга түшүшү маанилүү. Алга, "Ак шумкарлар"!

SUPER.KG порталынан Кыргыз өлкөсү - Мьянма беттешин онлайн окуй аласыздар. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
11.06.2021. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик анда Ак Шумкарлар...
11.06.2021. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп гол киргизсе жакшы
11.06.2021. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен түшүнбөдүм ачыгы ошондо аз гол киргизиш керек беле биздикилер 7 гол киргизип салды го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: