super.kg logo
  Саясат  

Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргызстандык мигранттарга Орус бийлигинин мамилеси жакшы

 

Жогорку Кеңештин 24-октябрдагы жыйынында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин орун басары Бакытбек Исаков "Башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыргызстандык мигранттарга Москва шаарынын жана Москва облусунун жетекчилеринин мамилеси жакшы" деп билдирди. Мындан сырткары кыргызстандыктардын орус тилин билгендиги ошондой эле Орусиянын мыйзамын сактоого жасаган аракеттери  жакшы мамиле кылуусуна себеп болууда деп кошумчалады. "Азыркы тапта Москвадагы мекендештерибиздин абалы жалпы мигранттардын эсебинен айтылып жатат. Бирок биздин жарандарга гана басым жасалып, кысым көрсөтүлүп жатат деп айтууга болбойт. Биздин элчиликтин Москванын жетекчилиги менен жолугушуусунда орусиялыктар биздин өлкөдөн барган мигранттарга карата мамиленин жакшы экенин белгилеп өтүшкөн",- деди Исаков. Анын айтымында, Орусияда эмгектенген 496 миң кыргызстандыктын 300 миңи мыйзамсыз иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: