super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого "Ак Бата" партиясы катышпайт

 

Бишкек шаардык кеңешине кайрадан шайлоого "Ак Бата" партиясы катышпайт. Бул тууралуу партиянын төрагасы Нариман Түлеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. SUPER.KG порталы Түлеевдин өзү менен байланышканыбызда, маалыматты тастыктады.

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!
"Ак Бата" партиясы бул жаш, бирок дымактуу команда. Биз программабыздын бардык пункттарын ишке ашырууга даярбыз, аны кандайча жасаш керектигин билебиз жана ага даяр болчубуз.

Бирок жашоо - бул жашоо. Чындык катаал болуп чыкты, бүгүн бизде болуп жаткан коомдук транспорт жаатындагы кыйроо, сейил бактар ​​нымсыз куурап, өрттөнүп жаткан полигон, урап жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн короолору. Ушул күндөрү борбордо болуп жаткан кырдаал боюнча мэрдин милдетин аткарып жаткан адам парламентте колун куушуруп, эмне кылышты билбей тургандыгы биздин туура экенибизди далилдейт.

Партия мүчөлөрү менен биргеликте шаардыктар биздин программага али даяр эмес деген бүтүмгө келдик. Бирок биз токтобойбуз, тескерисинче “Ак Бата” партиясы сунуш кылган реформаларды өлкөбүзгө жайылтууну каалайбыз.

"Ак Бата" партиясы парламенттик шайлоого барат! Бишкекти кыялдар шаарына айландыруу Жогорку Кеңештин деңгээлинен башталат. Эгерде эл бизди колдосо, анда биз сүйүктүү шаарыбыз бүгүнкүдөй абалга кептелишине, ушундай кырдаалдын кайталанышына эч качан жол бербейбиз", - деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: