УКМК: "500 доллар пара алып жаткан жеринен ИИМдин тергөөчүсү кармалды"
Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата кылмыш ишин токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"9-июнда өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги Э.У. аттуу жаран кармалды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти атайын кызматтын маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
ErkinOkenovich

11.06.2021. 16:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ИИМин жүзү ачыла баштады.буга чейин акчалуулар кутулуп,акчасыздар тутулуп келишти эле.
Kuban-1207

11.06.2021. 17:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атыш керек пара алгандарды
Zumrudianka

11.06.2021. 19:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалса башка мамлекеттик ишке жакын жалобой турган закон кабыл алыш керек. Керек болсо дипломун жокко чыгарыш керек арамкорлордун
ErkinOkenovich

12.06.2021. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zumrudianka,туура айтасыз ошентиш керек шакалдарды.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.