Путин менен Байдендин жолугушуусуна байланыштуу Женевада аба каттамдары убактылуу токтотулат
Швейцария бийлиги Орусия жана АКШ президенттеринин жолугушуусуна байланыштуу Женева шаарынын аба каттамдарын убактылуу токтотот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Женева шаарына чектөөлөр 15-июнда саат 08:00дөн баштап күчүнө кирип, 17-июнда саат 17:00гө чейин уланат.
"Бул Женевадагы Эл аралык аэропорттон коммерциялык учууларга тиешеси жок" деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда Швейцариянын Аба күчтөрү аба мейкиндигин көзөмөлдөөнү күчөтөт. Мындан тышкары Женева шаарынын борбордук бөлүгүндө унаалар гана эмес, адамдардын жөө жүрүүсүнө тыюу салынат.
Владимир Путин менен Жо Байден 16-июнь күнү Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Эми Байден средний Азиядан вайеный базага места сурайт