super.kg logo

Түндүк Кореянын лидери Түштүк Кореянын k-pop маданиятын "залалдуу шишик" деп атады

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын k-pop маданиятын "залалдуу шишик" деп атады. Анын айтымында, музыканын k-pop түрү Түндүк Кореянын жаштарынын кийимин, кеп маданиятын жана жүрүм-турумун бузууга алып келет. Бул тууралуу анын билдирүүсүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Ким Чен Ын тиешелүү аткаруу бийликтерине Түштүк Кореянын k-pop маданиятынын өлкөдө жайылуусун алдын алууну тапшырды. Музыканын бул түрү өлкө жана жаштар үчүн кооптуу экендигин кошумчалаган.

Мындан сырткары түштүк кореялык дорама (сериал), фильм жана музыка Түндүк Корея үчүн антисоциалисттик мүнөзгө ээ. Мындан улам Түштүк Кореянын музыка жана кино маданиятынын булактары Түндүк Кореяга кирбеши керектигин баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: