super.kg logo

"Бейпил жашоо башталат". Францияда жарандарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө үндөгөн ролик популярдуу болууда (видео)

 

Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алууга үндөгөн жаңы форматтагы жарнамалык ролик тартып, ал социалдык тармактарда популярдуу болууда.

Бул видео-ролик Франциянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тартылган. Аны аталган министрликтин башчысы Оливье Веран Твиттерге жүктөгөн.

Роликте ар бир жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн сайын азыр жабык турган жайлар кадимки режимде иштеп, вирус пайда болгонго чейин кандай бейпил жашоо болгон болсо, вакцина алган соң дал ошондой жашоо башталып жатканын көрсөтөт.

Видеонун астына "Ар бир жаран эмдөөдөн өткөн сайын жашоо жаңыдан башталат. Келгиле, баарыбыз эмдөөдөн өтөлү" деп жазылган. Бул видео интернет желесинде вирустай эле тарап жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: