super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев дипломатия кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 24-октябрда дипломатия кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: 

 

"Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кесиптик күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Дипломатия кызматкери болуу, ата мекенге талыкпастан жан дили менен кызмат кылуу, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, байланыштарды чыңдоо жана өлкөнүн кадыр баркын көтөрүү – бул чоң урмат жана жоопкерчилик.

Дипломатия кызматкерлеринин негиздери жана принциптери көптөгөн муундардан бери жарандардын ата мекенге болгон сүйүүсүн жаратып, мекенчилдик сезимин пайда кылат. Кыргызстандын дипломатия кызматкерлери өлкөбүздү сыймыктануу менен башкаларга тааныштырып, эл аралык аренада анын тышкы саясий кызыкчылыктарын жигердүүлүк менен алга жылдырууда. 

 

Ушул жылы биздин өлкө бир катар олуттуу эл аралык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрдү. Дүйнөдө алдыга карай өнүгүп бара жаткан глобалдуу процесстер жана эл аралык маселелердин көп кырдуу мүнөзү, тышкы саясий чакырыктарды жана милдеттерди түзүүдө, аларды чечүү республиканын тышкы саясий ведомствосунан системалуу реформаларга болгон даярдыкты, жаңы шарттарга тез көнүгүп кетүүнү талап кылат. 

Дипломатия кызматкерлеринин жогорку кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана мекенчилдиги тышкы саясий аренада өлкөбүздүн кадыр-баркын чыңдайт жана мындан ары да чыңдоого шарт түзө берет деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо-турмуш жана кесиптик иштеринде жаңы бийиктиктерге жетүүнү каалайм". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: