super.kg logo

Жалал-Абадда катталган жол кырсыгы: Каза болгондордун арасында бир үй-бүлө мүчөлөрү да болгон

 

Бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад облусунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Куткаруучулар кызматынан кырсыктан дагы 2 жүргүнчү жаракат алганын маалымдашты.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан каза болгондор тууралуу маалымат беришти.

"Хонда Одиссей унаасын 1995-жылы туулган Ооган-Талаа айылынын тургуну башкарып бара жаткан. Ал Бишкектен Ош тарапка бара жатып, каршы тилкедеги Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Оор жүк ташуучу унааны 1965-жылы туулган Куршаб айылынын жашоочусу башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Ушул эле унаада жүргүнчү катары бара жаткан 1987-жылы туулган Өзбек жараны жандандыруу бөлүмүнө түштү. Андан тышкары жеңил унаада ата, бала (атасынын жылы тактала элек, баласы 1999-жылы туулган), 1969-жылы туулган аял жана анын 2002-жылы туулган уулу, ошондой эле 1994-жылы туулган жаран, мындан тышкары 2 адам (аты-жөнү тактала элек бир аял, бир эркек) жеринде каза болушту.

Бул факты Ноокен РИИБинин электрондук журналына катталды. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелери Ноокен райондук ооруканасынын өлүкканасына өткөрүлүп, медициналык кароо жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
12.06.2021. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым, жаман болуптур.
12.06.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Иий кудайым ай бир үй бүлө мүчөлөрү болсо жаман болгон тура Аллахым жайларын жаннаттан кылсын эми туугандарына сабыр берсин
12.06.2021. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Инна лиллахи уа Инна илайхи рожиъун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: