super.kg logo

"Атам экөөбүздүн мамилебизди көпчүлүк эми билди". Ырчы Нурмат Садыров атасын коомчулукка көрсөттү

 

Ырчы Нурмат Садыров күйөрмандарын кызыктырып келген суроого жооп кылып, атасын коомчулукка көрсөттү. Тагыраагы, ырчы атасы экөөнүн жолугушкан видеосу менен бөлүштү. "Атам экөөбүздүн мамилебизди көпчүлүк эми билди" деген ырчы 8-класста окуп жүргөндө ата-энеси эки башка жолго түшкөнүн айтат.

"Атам башка үй-бүлөсү менен жашайт, кызы бар. Бирок биздин мамилебиз үзүлгөн эмес. Айылда жакшылык, жамандык деген болот, дайыма барып турабыз. Мен апамдын жанындамын, атама барып, келип турам. Апам дайыма жанымда, көп сырдашам, кеңешем. Бул ирет атам экөөбүз эле сапарга чыгып кенен сырдаштык. Ага көкүрөгүмдөгү сөздөрүмдү айтып, сагынычымды таратып, чер жазып узак жолдо баарлаштым. Атам менен апамдын жолу эки башка болсо да алардын мага тилеги бир", - дейт ал.

Нурмат Садыров жарыялаган видеодон жайлоодо эс алып жүргөн апасын, бир туугандарын да көрүүгө болот. Анда ырчы мырза "баарыңар эле түгөйүңөр менен экенсиңер, апама да бир жигит алып келдим" деген.

"Апам улуу баласын, келинин, небересин өзү окуткан. Окуучулары, кыздары, күйөө балдары менен жайлоого кымыз ичкени кетишкен. Ал жакта уюлдук байланыш тартпайт, ошого атам менен баратканымды билишкен жок.

Апамды кандай сыйлап карасам, атама да ошондой эле мамиле кылып келем. Болгону атама кылган мамилемди социалдык тармакка жарыялаган эмесмин. "Апаңызды эле көрсөтөсүз, эмнеге атаңызды чыгарбайсыз?" дегендер биринчи ирет көрүштү. Баары жакшы каалоо-тилектерин жеке кат аркылуу жазып, улуу агаларым батасын жазыптыр. Аябай ичим жылыды. Атам менен апамдын ортосундагы көпүрөмүн, экөөнүн тең кыялдарын орундаткым келет. Алардын бир эле арманы - менин үйлөнүп, балалуу болгонумду каалап, небере көргүсү келгени.

Атамды да, кызын дагы жакшы көрөбүз, амандыгына ыраазыбыз, канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөрүштү", - деди ырчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
13.06.2021. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул акылдуу бала да ата энени сыйлаган
13.06.2021. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жигитсиң Нурмат бактылуу бол.
13.06.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат ата энеңди сыйлап жүрө бер.
13.06.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат
13.06.2021. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атасы менен апасы окшошуп кетет экенби? Макул эми баласынын сый урматын жакшылыгын,бактылуулугун тен корушсун.
13.06.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайсы бактылуу кыздын маңдайына жазылдыңыз экен....
13.06.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы бала, билбепмин атасы бвр экенин. Ырлары сонун, кана эле балаң ушинтип жаркылдап жакшына ырларды ырдап чыкса, апаң бактылуу Нурмат. Сен апана аябай окшошсун, апана арнаган ырын сонун чыккан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: