«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди
КРнын президенти Алмазбек Атамбаев «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» КРнын мыйзамына кол койду. Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 12-сентябрында кабыл алынган. Мыйзамдын максаты – «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн укуктук тартибин күчөтүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кечээ, 24-октябрда билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

