Өлкөдө ак халатчандар арасында инфекцияны жуктургандар көбөйдү
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицинанын 29 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Бишкек шаары – 4;
Чүй облусу – 4;
Ош шаары – 8;
Ош облусу - 5;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 1;
Ысык-Көл облусу – 1;
Нарын облусу - 1.
Республикалык штабдан маалымдагандай, бир суткада стационардан 4, үй карантининен 1 дарыгер чыгарылды.
Өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 886 кызматкеринен аныкталса, анын ичинен 4 миң 674ү сакайды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.