super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн денесинде зомбулуктун белгилери болгон эмес"

 

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүн аныктоо боюнча тиешелүу экспертизалар дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 13-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү Сокулук РИИБине 1-июнда келип түшкөн. Анда интернаттын 6-классынын окуучусу И.Я. саат 21:45 чамасында уктоочу бөлмөдө эс-учун жоготуп, эсине келбей каза болгону кабарланган.

"Өспүрүм ооруканага жеткирилип, ал жерден каза болгону аныкталган. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуянын себептери такталууда", - дешти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Маалымат коомчулукка белгилүү болгондон кийин Акыйкатчы институту интернаттын директорун иштен четтетүүнү талап кылды. Ошондой эле мекемеден каза болгон өспүрүмдү АКШ жарандары асырап алууга ниеттенип жүргөнүн, алар окуя болгонго чейин 4 жолу жолукканын кабарлашты.

Окуянын бардык жагдайларын кылдат, объективдүү иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Анын курамына президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.06.2021. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жөн эле өлдү дегенге ишенүү кыйын. Балким донор керек болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: