АКШнын жараны киттин оозуна кирип чыгып, өлүмдөн калды
Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард киттин оозуна кирип чыгып, өлүмдөн калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Майкл сууда сүзүп жүргөн, бир маалда бардыгы караңгы болуп, киттин оозунда экенин түшүнгөн. Майкл жашоо менен коштошууга убакыт келди деп ойлоп, балдарын жана аялын эстеген. Бирок күтүлбөгөн жерден кит суунун жээгине чыгып, башын чайкай баштаганда Майкл киттин оозунан сууга кулап түшкөн.
"Мен сууда сүзүп жүргөм. Мен буга ишене алган жокмун" деген Паккард.
"Жакын жерде турган балыкчылар суучулду кармап, кайыкка салып ооруканага алып барышкан. Майкл ал учурда бутунан тура алган эмес. Сөөктөрү, бактыга жараша, бүтүн болгон. Көп өтпөй суучул үйүнө кайткан",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
Рейтинг:
6

Комментарийлер(1)
algakaray

14.06.2021. 22:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажалы келе элек да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.