super.kg logo

Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу оюн талаасында эс-учун жоготту (видео)

 

Коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун экинчи командасы, тагыраагы "Кайрат-Жастар" клубунун оюнчусу Лев Кургин Биринчи Лиганын алкагындагы "Окжетпес" командасына каршы оюнда оюн талаасында эс-учун жоготту.

Оюндун 20-мүнөтүндө Лев Кургин талаада күтүүсүздөн эс-учун жоготкон. 19 жаштагы футболчуга тез арада оюн талаасында жардам көрсөтүлүп, андан кийин ал Алматы шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Оюн дээрлик 10 мүнөттөй токтоп, калыстар тобу беттешти улантуу боюнча чечим кабыл алышкан.

Буга чейин дагы "Евро-2020" турнириндеги Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.






"Кайрат Жастар" клубунун оюнчусу талаада эс-учун жоготту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: