super.kg logo
  Спорт  

Оюн талаасында эс-учун жоготкон Кристиан Эриксен клиникалык өлүмгө дуушар болгон

 

"Евро-2020" турниринин алкагындагы Дания - Финляндия беттешинде оюн талаасында эс-учун жоготкон белгилүү футболчу Кристиан Эриксен клиникалык өлүмгө дуушар болгон. Бул тууралуу Дания курамасынын башкы дарыгери Мортен Боесен билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Эриксен оюн талаасында өлгөн. Анын жүрөгү токтоп калган. Эриксенди кантип сактап калганыбызды деле билбейм. Бул абдан тез болду. Эмне болгонун түшүндүрө албайм, эмне деп жооп берерибизди дагы билбейбиз", - деген Боесен.

Клиникалык өлүм бул жашоо менен өлүмдүн ортосундагы өткөөл мезгил. Клиникалык өлүм учурунда жүрөктүн кагышы жана дем алуу процесси токтоп, организмдин бардык белгилери толугу менен жоголот.

12-июнда өткөн Дания - Финляндия беттешинде футболчу Кристиан Эриксен оюн талаасында эс-учун жоготкон. Мындан улам беттеш үзгүлтүккө учурап, калыстар бир жарым сааттан кийин беттешти улантуу тууралуу чечим кабыл алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.06.2021. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Омурлуу болсун, олбосунчу ким болсо да АДАМЗАТ
14.06.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өмүрү узун болсун.эми кайра оюн талаасына чыгаар чыкпасын билсеңер журналисттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: