Жалал-Абадда 1 гектар бак-дарактар жана куураган чөп күйдү




Жалал-Абадда 1 гектар бак-дарактар жана куураган чөп күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Кыпчак талаа айылында жалпы аянты 1 гектар болгон бак-дарактар жана куураган чөп күйгөн. "Өрттү өчүрүүгө өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 14:53тө курчоого алынып, саат 14:55те толук өчүрүлдү. Өрттүн себеби такталууда",- деп берилет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.