super.kg logo

Чечен жазуучусу "Аватар" киносунун авторлугун талашып, сотко кайрылды

 

Чеченстандын фантаст жазуучусу Руслан Закриев америкалык режиссёр Жеймс Кэмерондун "Аватар" тасмасынын авторлугун талашууга кайрадан аракет кылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Закриев 2009-жылы "Аватар" тасмасын сунуш кылган "20th Century Fox International" компаниясынын орусиялык кеңсесин сотко берген. Ал интернетте 2002-жылы жарыяланган "Жашыруун курал" романынын сюжетин, негизги идеясын, ошондой эле белгилүү фрагменттерди жана диалогдорду кино жаратуучулар көчүрүп алышкан деген. Доогер аны фильмдин авторлошу деп таанууну, ошондой эле моралдык чыгымдын ордун толтуруп, анын пайдасына 10 миллион рубль өндүрүп берүүнү талап кылган.

Москва шаарынын Хамовническ райондук соту жазуучунун доо арызын 15-июнда карай баштайт.

"Буга чейин алар биздин доо арызды кароодон баш тартышкан, бирок биз Москва шаардык сотунда бул чечимге каршы чыктык, эми сот бул ишти карайт", - деген жазуучунун жактоочусу.

Буга чейин Закриев эки жолу сотко кайрылган. 2015-жылы доо арыз Ставрополь сотуна, ал эми 2019-жылы Чеченстанда берилген, бирок алар арызын кабыл алуудан баш тартышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.06.2021. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боп кетем де 10миллон алып)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: