super.kg logo

УКМК өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармады

 

Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүмү ("Опузалап талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Т.И.М кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

"2021-жылдын 18-майында К.Досоновдун Т.И.М башында турган уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бир жаранды күч колдонуп, Ош шаарынын четине үч унаа менен кыйнап алпарып, курал менен коркутушкан. Алар физикалык күч колдонуп, жабырлануучунун Мерседес-Бенц унаасын тартып алышып, "общаковская кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Ошондой эле жабырлануучуну кыйноого катышкан адамдардын арасында К.Досоновдун жеке айдоочусумун деген Р.у.А кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Кармалган Т.И.М Ош облустук жана Ош шаары боюнча УКМК башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча бардык айыпталуучулардын аты-жөнүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: