Англиянын ханышасы Елизавета II кайсы учурда тактыдан баш тартуусу мүмкүн экендигин тарыхчы айтты
Англиянын ханышасы Елизавета II эки учурда гана тактыдан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу тарыхчы Хьюго Викерс жергиликтүү ЖМКларга билдирген.
Анын айтымында, Елизавета II мындан 5 жыл мурда жээни Маргарет Роудска жазган катында тактыдан баш тартууга мажбур кыла турган эки гана жагдайды атап, кокус ошондой кырдаал болсо тактыдан кете тургандыгын билдирген. Ал эки жагдайдын бири Альцгеймер оорусуна чалдыгып кала турган болсо, экинчиси инсульт ала турган болсо тактыдан кетет.
"Ханышанын ден соолугу жакшы. Бактыбызга жараша, ханыша дагы көп жылга тактыда калат деп ишенебиз", - деген тарыхчы.
Белгилей кетсек, ханыша Елизавета II тактыга 25 жашында, тагыраагы 1952-жылы 6-февралда атасы Георг VI каза болгондон кийин келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.