super.kg logo
  Саясат  

2011-жылдагы президенттик шайлоого Кара-Көл шаарында 14 миң 100 шайлоочу катышкан

 

Кыргызстанда 2011-жылы өткөн президенттик шайлоого Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынан 14 100 шайлоочу катышкан. Муну "Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков айтты. Кадырбеков шайлоолор учурунда каза болуп калган адамдардын тизмесинин такталбай калышынан шайлоо жыйынтыгы бурмаланып калышына жол ачууда.  

Айта кетсек, фракция жыйынында "КРнын шайлоо жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзам долбоору талкууланууда. 

Мыйзам долбоордо республика боюнча бирдиктүү округду 9 аймактык округга бөлүү (7 облус жана Бишкек, Ош шаарлары) сунушу камтылган. Буга ылайык, мандаттар дагы шайлоочулардын санына жараша 9 аймакка бөлүнөт. Ошондой эле бюллетенден сырткары, шайлоочулар кайсы талапкерди депутат катары көргүсү келсе, аларга тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлүп, добуш берүү жайларында партиялардын тизмесиндеги өзү тандаган талапкерди белгилөө ченеми киргизүлүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: