super.kg logo

"Белгисиз курал менен денесине жаракат келтиришкен". Ошто өспүрүм сабалды

 

Ош шаарында өспүрүм баланы сабап кетишти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Ош шаардык милициясынын нөөмөт бөлүмүнө шаардык оорукананын дарыгеринен 2004-жылы туулган бала белгисиз балдар тарабынан сабалып, денесинен жаракат алганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барганда, жабырлануучу бала аны белгисиз төрт бала сабап, травматикалык курал менен денесине жараат келтиргенин айткан.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, бул кылмышка шектүү катары Ош облусунун 19 жана 16 жаштагы 3 жашоочусу кармалган. 19 жаштагы жигиттин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган. Ал эми калган эки шектүүнүн жаш курагы эске алынып, үй камагына алуу түрү тандалган. Учурда окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: