super.kg logo

Ошто 26 жаштагы тургунду сабоого шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалды

 

Ош облусунда 28 жаштагы кишини сабоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Өзгөн районунда ур-токмокко тиешеси бар деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун 28 жана 34 жаштагы мүчөлөрү кармалган. Бүгүнкү күндө аталган кылмышка тиешеси бар үчүнчү жаран дагы кармалды. Ал 39 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды.

"Алар буга чейин дагы мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кармалып, бирок камакка алуу менен байланышпаган алдын алуу чарасы колдонулган. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары уланып жатат", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, кармалган 3 жаран Ош облусунун тургунуна кол салып, сабап салышкан деп шектелүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: