super.kg logo

Украина, Беларусь жана Навальный... Путин менен Байден эмнелер тууралуу сүйлөшөт?

 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байден талкуулай турган темалардын сап башында Украина, Беларусь жана Алексей Навальный турат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун сөзүнө таянып жазышууда.

"Анын айтымында, мамлекет башчылары стратегиялык туруктуулукту, пандемияны, кибер кылмыштуулукка каршы күрөштү, экономикалык кызматташууну, климаттын өзгөрүшү темаларын талкуулашат. Украина, Сирия, Ливия, Ооганстан жана Тоолуу Карабахтагы жаңжалдар дагы күн тартибинде каралат. Ошондой эле Путин менен Байден орусиялыктардын үчүнчү өлкөлөрдө кармалышы, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн иши жана Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелердин жалпы маселелерин талкуулашат.

Ушаков эки тарап тең алдын ала макулдашылбаган ар кандай темада сүйлөшүшү мүмкүн деп кошумчалады. Президенттин жардамчысы темаларды координациялоодо өзгөчө көйгөйлөр жок экендигин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

Байден менен Путин 16-июнда Швейцариянын Женева шаарындагы Ла Гранж вилласында жолугушат. Байден кызматка киришкенден бери эки саясатчы биринчи жолу бетме-бет кездешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.06.2021. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанга тезинен 100 млрд$ бөлсүн айтып койгулачы. Өнүгүп кетели...
16.06.2021. 06:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Real98,Байдиндин телефону өчүк экен. Вотсабына голосовый жөнөтүп койдум окуй элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: