super.kg logo

Бет кап кийүүнү суранганы үчүн кардар сатуучуну атып салды

 

АКШнын Жоржия штатында медициналык бет кап үчүн чыр чыгып, бир адам сатуучуну атып, дагы экөөнү жарадар кылды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, полициянын айтымында, кылмышкер азык-түлүк дүкөнүнө кирип, кассада дүкөндүн кызматкери экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Кассир андан медициналык бет капты тагууну суранган, ага жооп кылып шектүү ок чыгарган. Ошол учурда дүкөндө бир нече кардар болгон.

"Бет кап кийүү маселеси боюнча талаш-тартыш болуп, шектүү тапанчасын алып чыгып, кассирге ок чыгарган", - деген округдун полиция башчысы Мелоди Меддокс.

Кылмышкер 30 жаштагы Виктор Ли Такер болуп чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал кассир менен болгон чырдан улам дүкөндөн соода кылбай чыгып кеткен, бирок андан кийин дароо колуна тапанча көтөрүп кайтып келген.

Такер дүкөндөн качып чыгып бара жатканда кармалган. Ал эми дүкөндүн күзөтчүсү ооруканага жеткирилип, денесинин эки жеринен жаракат алгандыгы аныкталган. Дарыгерлердин айтымында, эркек кишини ок өтпөс жилет сактап калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: