1-ноябрда Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезону башталат
Кара-Балта шаарында жылуулук берүү сезону 2013-жылдын 1-ноябрынан тарта башталат. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Алардын маалыматы боюнча, 4 миң тонна көмүр 21-октябрда алынып келинген. Былтыркы жылдан калган көмүрлөр 10-декабрга чейин жетет. Мындан тышкары 162 тонна мазут алынып келинген, былтыркы жылдан калган мазут 1 ай колдонууга жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

