super.kg logo
  Спорт  

"Дүйнө чемпиондугун расмий токтоттук". Жаны тынбаган Япония курамасы "Ак шумкарларды" 5:1 эсебинде жеңди

 

Бүгүн, 15-июнда Япониянын Суита шаарында футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюнунун алкагында Япония курамасына каршы ойноду.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2021-06-15 18:17

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Беттеш аяктап, "Ак шумкарлар" 5:1 эсебинде жеңилип, тайпадагы акыркы оюнун жыйынтыктады.

2021-06-15 18:15

Беттештин негизги убактысы аягына чыкты. Омандык башкы калыс оюнга 2 мүнөт кошуп берди.

2021-06-15 18:11

Фархат Мусабеков Япония курамасынын оюнчусуна каршы оюн эрежесин бузуп, сары айып кагазын алды. Крестинин аны дароо алмашууга кетирди. Мусабековдун ордуна Одилжон Абдурахманов талаага чыкты.

2021-06-15 18:07

Кайрадан эле Япония. Самурайлар Кыргыз курамасынын талаасын дээрлик ээлеп алып, кези келгенде дарбазага сокку узатышууда.

2021-06-15 18:03

Мирлан Мурзаев менен Алимардон Шүкүров алмашууга кетти. Эки футболчунун ордуна Элдар Молдожунусов менен Эдгар Бернхардт оюн талаасына чыкты.

2021-06-15 18:02

Кезектеги гол! Япония футболчулары ылдам каршы чабуулда мыкты болуп, эсеп саны 5:1 болду.

2021-06-15 18:00

Алимардон Шүкүров каршылаш футболчуга каршы оюн эрежесин бузду. Стандарттык абал.

2021-06-15 17:57

Гол!!! Бурчтан чыгарып берүүнү алмашууга чыккан Япония курамасынын оюнчусу дарбазага таамай багыттады. Эсеп саны 4:1.

2021-06-15 17:54

Япониянын башкы машыктыруучусу бүгүнкү оюнда 3 гол жараткан Адо Онаиуну алмаштырып, анын ордуна 19-номурдагы оюнчусун чыгарды.

2021-06-15 17:52

Япония оюнчуларынын жаны тына элек. Бурчтан чыгарып берүүдө топко Бактияр Дүйшөбеков биринчи болуп жетти.

2021-06-15 17:46

Кыргыз курамасында алмашуу: Турсунали Рустамовдун ордуна Эрнист Батырканов оюн талаасына чыкты.

2021-06-15 17:44

Япония "Ак шумкарлардын" дарбазасынын жанында дагы бир кооптуу чабуулун жасады, бактыга жараша топ сызыктан чыгып кетти.

2021-06-15 17:42

Кыргыз курамасы оюндагы сейрек чабуулдарынын бирин уюштурду. Япон коргоочулары топту тартып алып, оюнду кайрадан көзөмөлгө алышты. Жигиттер ойнош керек.

2021-06-15 17:39

Япония курамасы кайрадан оюнду толугу менен көзөмөлгө алды. Кыргыз курамасы ылдам каршы чабуулга чыгуу аракетин көрүп, тилекке каршы топ сызыктан ашып кетти.

2021-06-15 17:35

Сары айып кагазын алган Айзар Акматов оюн эрежесин дагы бузду. Абайлаш керек.

2021-06-15 17:33

Гүлжигит Алыкулов жакшы эле чабуулга чыккан. Чабуул учурунда Мирлан Мурзаев экөө бири-бирин түшүнө албай топту жоготту.

2021-06-15 17:31

Алимардон Шүкүров кезектеги стандарттык абалды аткарды. Тилекке каршы, топко каршылаштардын дарбазачысы биринчи болуп жетти.

2021-06-15 17:30

Оюнчулар эс алуудан чыгышты. Калыс ышкырыгын жаңыртып, беттештин экинчи бөлүгү башталды. Алга, жигиттер!

2021-06-15 17:16

Беттештин биринчи бөлүгү аягына чыгып, командалар эс алууга кетишти.

2021-06-15 17:15

Гооол! Мирлан Мурзаев пенальтини аткарып, Кыргыз курамасынын Япония курамасына каршы алгачкы тарыхтагы голун жаратты.

2021-06-15 17:14

Гүлжигит Алыкуловго каршы оюн эрежеси бузулду. Пенальти!

2021-06-15 17:13

Япония оюнчулары эреже бузду. Стандарттык абал. Көтөрүп берүүнү  Алимардон Шүкүров жасады.

2021-06-15 17:09

Япония кезектеги бурчтан чыгарып берүүсүн аткарды. Көтөрүлгөн топко кыргыз футболчулары биринчи болуп жетти. 

2021-06-15 17:06

Кыргыз курамасы кезектеги чабуулун жасады. Мирлан Мурзаевдин чыгарып берүүсүн Алимардон Шүкүров алып, дарбазага сокку жасады. Топ каршылаштардын коргоочусуна тийип артка кетти.

2021-06-15 17:03

Япония курамасы оюнду толугу менен көзөмөлгө алды. Каршылаштар арты-артынан чабуул уюштурууда.

2021-06-15 17:01

Япония курамасы кезектеги голун жаратты. Коргоочулар кайда? Көтөрүлгөн топту самурайлардын оюнчусу Матяштын дарбазасына таамай багыттады. Эсеп саны 3:0.

2021-06-15 16:59

Гол! Япония курамасынын оюнчусу "Ак шумкарлардын" төрт оюнчусун алдап чыгарып берүү жасады. Тилекке каршы топ Айзар Акматовго тийип, голго айланды. Эсеп саны 2:0.

2021-06-15 16:54

Пенальти, Айзар Акматовдун колуна топ тийгендигине байланыштуу калыс сары айып кагазын көрсөтүп, пенальти койду. Япония гол жаратып, эсеп санын 1:0гө айлантты.

2021-06-15 16:53

Япония курамасы "Ак шумкарлардын" талаасын толугу менен көзөмөлгө алгандай. Ал ортодо Япония курамасынын оюнчусу көтөрүлгөн топко биринчи болуп жетип, башы менен сокку узатты. Топ дарбаза мамысына тийди.

2021-06-15 16:51

Бурчтан чыгарып берүүнү Япония курамасынын оюнчусу дарбазага таамай багыттады. Матяш мыкты сейф жасап, топту артка кайтарды.

2021-06-15 16:51

Ой-ойй, Кыргыз курамасынын дарбазасынын жанында өтө кооптуу абал жаралды. Александр Мищенко коргонууда мыкты болуп, Матяш топко биринчи жетти.

2021-06-15 16:49

Япония курамасы топко көбүрөөк ээлик кылууда. Өз кезегинде "Ак шумкарлар" чабуул уюштуруп жатышат. Япония курамасы оюн оңой эместигин түшүнгөндөй коргонууга басым жасай баштады.

2021-06-15 16:44

Япония курамасынын оюнчусу "Ак шумкарлардын" оюнчусуна карата оюн эрежесин бузду. Стандарттык абал. Алимардон Шүкүров көтөрүп берүү жасап, тилекке каршы топ өйдө кетти.

2021-06-15 16:42

Япония курамасы алгачкы бурчтан чыгарып берүүсүн аткарат. Абайлаш керек.

2021-06-15 16:39

Беттештин 10-мүнөтү. Эсеп саны 0:0. Ал ортодо Япония кооптуу делген ылдам каршы чабуул уюштурду.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(22)
15.06.2021. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан Кыргызстан алга
15.06.2021. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Телефондон корсо болобу. Айткылачы билгендер? Таш доору коло доору отту го. Кыргызстан дагы деле туз алып бере албай койду да
15.06.2021. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zhaynak,kg blog net ушундан көр прямой
15.06.2021. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
1:0 болду
15.06.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3:0 болду
15.06.2021. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2:0
15.06.2021. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак шумкарлардын поезди келди
15.06.2021. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3:0
15.06.2021. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх ак шумкарлар Монголияны жеңиш керек болчу, ушундай проблема жаралмак эмес
18.06.2021. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hernandez,женгенде эмне озгорот эле?
15.06.2021. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик!
15.06.2021. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гол кирди,батыраак жазбайсыңарбы
15.06.2021. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
За то көк бөрүдөн айрыйбыз. Если чё Валентина Шевченко жапондордун баарын айрыйт
15.06.2021. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жалгыз кыргыз Гүлжигит өзү журөгү менен ойноп жатат. Пенальтини да Гүлжигит иштеп берди азамат.
15.06.2021. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
3:1
15.06.2021. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гоооол
15.06.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Япондорду женип группадан экинчи место менен чыкканда да,экинчи местодогу кучтуу командалардан очкосу боюнча калып калат и группадан кийинки раундга чыкпайт биздикилер!
15.06.2021. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84, Монголду жэңбеген Японду кайдан жэңмек эле
15.06.2021. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Usmanbekali,мен женет деген жокмун,шанс жок деп жатам кийинки раундга!
15.06.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айзар Акмакты алмаштырбаса зыяны көп болуп жатат
15.06.2021. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спорт каналында азыр алып барып жаткан кыргыз баланы иштен айдагыла жакпады
15.06.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат Алимовду кошуш керек эле, ал сөзсүз гол жаратмак!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: