Ошто Эркин күрөштүн жаңы эрежеси боюнча семинар өтүүдө
Ош шаарында спорттун Эркин күрөш түрүнүн жаңы эрежелери боюнча семинар өтүүдө. Аталган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген эркин күрөш боюнча машыктыруучулар катышууда. Семинар 5 күнгө созулуп, бүгүн жыйынтыкталат. Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 18 машыктыруучу 5 күн бою билимин бышыктап, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болмокчу. "Окутууну СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дамбаев алып барууда" дейт уюштуруучулар.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

