Орусиялык ырчы МакSим өпкөсү жабыркап, ооруканага жаткырылды
Орусиялык ырчы МакSим өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу аткаруучу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Маалыматка ылайык, 38 жаштагы ырчы 12-июнда Казань шаарында дене табы 39-даражага чейин көтөрүлгөнүнө карабай, концертте ырдаганын, бирок коронавирус илдети тастыкталбаганын айткан. Ал суук тийгендин белгилерин бир күн мурун сезип, бирок концертти жокко чыгарбоону чечкен.
Ырчы анын абалы начарлап, дене табы түшпөгөндүктөн, дарыгерлер аны ооруканага жаткырууну чечишкенин белгилеген.
"Учурда өпкөм 40 пайызга жабыркаган, дарыгерлер пневмония экен деп жатышат" деп жазган МакSим.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Apyn8793

16.06.2021. 13:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакайып кетсин. Айыгам деп биздин олкого да жайкысын келип жашады боз уйдо.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.