Бишкекте унаасынын номерин атайын жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөн жаран кармалды
Бишкек шаарында жасалма номер менен жүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-июнда болжол менен саат 01:30 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери Алыкулов көчөсүнөн KIA үлгүсүндөгү унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
"Унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин атайын жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Аталган унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан аркы тергөө иши үчүн Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.