super.kg logo

Орусияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтү узартылды

 

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында мигранттардын убактылуу жүрүүсүн санкциясыз калтыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узартты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 15-июнда мигранттардын мыйзамсыз Орусияда жүрүүсү боюнча президент Владимир Путиндин жарлыгынын мөөнөтү аягына чыкты. Ага ылайык, Орусияда убактылуу жүргөн мигранттар эпидемиологиялык оор абалга байланыштуу каттоосунун мөөнөтүн узартпай эле жүрө алмак. Бул документ 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирген.

"Бул чечим санитардык-эпидемиологиялык абалды курчутпоо жана жогорку топко кирген чет элдик жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн кабыл алынды. Жарлык күчүндө турган маалда миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктер мекенине депортацияланбайт", - деп айтылат билдирүүдө.

30-сентябрга чейин Орусияда жүрүп, аталган нормаларды бузган чет элдиктер миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдарга кайрылып, каттоого туруу, патент алуу маселелерин бүтүрө алат.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетүүсү керектиги эскертилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: