super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын борборундагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет

 

КРнын Түркиядагы элчилиги Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Анкара шаарынын мэриясына жазуучунун ысымын түрк борбор калаасынын көчөлөрүнүн бирине берүү тууралуу сунушу менен кайрылган. Жыйынтыгында бул маселени Анкара шаардык кеңеши колдоду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.  Буга чейин Ч.Айтматовдун ысымы Анкара, Талас (Кайсери облусу), Кожаэли, Элазыг жана Гебзе түрк шаарларындагы сейил бактарга берилген. Ч.Айтматовдун ысымын ошондой эле Урла (Измир облусу) шаарындагы лицей алып жүрөт. 2012-жылы Йозгат шаарында Ч.Айтматовдун бюсту коюлган.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: