super.kg logo

"Кырдаал оор". Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын элин ачкачылыкка даяр туруусун эскертти

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "Эмгек" партиясынын отурумунда сөз сүйлөп жатып, түндүк кореялыктарды ачкачылыкка даяр турууну эскертти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, 2020-жылы өлкөдө орун алган тайфундан улам дыйканчылык аймактар катуу жабыр тарткан. Анын кесепетинен буудай, жүгөрү жана башка дан азыктарынан түшүм аз жыйналган. Коронавируска байланыштуу киргизилген чаралар да кырдаалга таасир берген. Жыйында Ким Чен Ын элди ачкачылыкка даяр турууну эскерткен.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореяда 1990-жылы оор экономикалык абалдан улам ачкачылык болуп, өлкө тарыхындагы эң катаал ачкачылык болуп калган.

Маалымат үчүн: Чет элдик маалымат булактары, Түштүк Кореянын агенттиктери, бул өлкөдөн качып кеткен жарандар Түндүк Кореяда ар дайым эле ачкачылык өкүм сүрөрүн жана айыл жергесиндеги карапайым калк ачкачылык менен жакырчылыктан жабыр тартарын айтып келишет. Бирок Ким Чен Ын өлкөдөгү чыныгы кырдаалды жаап-жашырып, дүйнөнүн башка мамлекеттери үчүн "идеалдуу өлкө" катары көрсөткөнгө аракет кылып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
16.06.2021. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сүрөт жүрөктү оорутат экен...
16.06.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошончо миллион каристар 1 кимченди жок кыла албайбы экен. Шакалды
16.06.2021. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Umar7,акылы жокта
16.06.2021. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Umar7,5кыргыз барып патыратып салсак окшойт я,))кыргыз эмес кариста алар
16.06.2021. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
И так эле ачка журушот го эли
16.06.2021. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайыма миң мертебе шүгүр кыламын корец болуп төрөлүп калбаганыма
16.06.2021. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы дагы бизде демократия. Анын артынан конкуренция болуп, товарлар шугур эле баада.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: