super.kg logo

"Өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тааныштырышкан". Ошто акча талап кылууга шектүүлөр кармалды

 

Ош облусунда ири өлчөмдө акча талап кылууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-апрель күнү Ош облустук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда Ноокат районунун тургуну өзүнүн айылдаштарынан турган кылмыштуу топ түзүп, алдын ала макулдашып алышып, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ноокат районунун “смотрящийи” деп тааныштырып, “сени түрмөдөн адамдар кызыгып сурап жатышат, күнөөңдү жуубасаң жаман болот, арматура менен чаап майып кылып өлтүрөм” деп бычак такап коркутуп, ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөндүгүн жазган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 248-беренеси "уюшкан топту түзүү же ага катышуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокат районунун 29 жаштагы эки тургуну кармалышты.

Учурда тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.06.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуларды кырып жок кылып таштаса, сөйрүктөрдү. Акыркы учурда жакшы күрөшүп атышат.
Belek1710 түзөттү 2021-06-16 18:56:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: