Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, газ баллон жарылды
Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыгып, газ баллон жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү саат 13:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйүнүн ашканасы күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт чыккан жерге бир бөлүк тартылып саат 13:30да чектөөгө алынып саат 14:44тө толугу менен өчүрүлдү. Өрт болуп жаткан учурда ашкананын ичинен бир газ баллон жарылган, бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Жалпысынан 60 чарчы метр үйдүн чатыры күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.