super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: Кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

 

Бүгүн, 17-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кургакчылыкка каршы күрөшүү күнү. Бул күндү белгилөө чечими 1995-жылдын январь айында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында кабыл алынып, биринчи жолу 1995-жылдын 17-июнь күнү белгиленген. Башкы ассамблея 2010-жылдын январь айынан 2020-жылдын декабрь айына чейинки мезгилди кургакчылыкка каршы жана чөлдөргө арналган 10 жылдык деп жарыялаган. Максаты - кургап бараткан жерлерди коргоо боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттерге көмөктөшүү.

Маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө кургакчылык жыл сайын 42 миллиард АКШ долларына барабар болгон айыл чарба продукцияларынын жок болушуна алып келет.

Кургакчылык - бул дүйнө жүзү боюнча 900 миллион адамга таасирин тийгизген жана дүйнөдөгү биологиялык ар түрдүүлүккө болгон коркунучтардын үчтөн бир бөлүгүн камтыган глобалдык көрүнүш. Ушуга байланыштуу чөлгө айлануу көйгөйү ар бир адамдын көңүлүн бурууну талап кылат.

17-июнга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: