super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар сунушталган мыйзам долбоордогу партиянын өзүнө гана эмес, тизмедеги талапкерлерди тандап добуш берүү шартынан кооптонушту

 

"Ар-намыс" фракциясынын 25-октябрдагы жыйынында БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков "КРнын шайлоо жөнүндө" КРнын конституциялык мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Мыйзам шайлоолорду таза жана ар бир жарандын кызыкчылыгын эске алуу менен өткөрүүгө багытталганы айтылууда. Долбоордо шайлоочуларга, ат салышкан партиялардын өзүнө гана эмес, тизмедеги талапкерлерди да тандап добуш берүү укугун берүү жагы каралган.  

Депутат Талантбек Узакбаев "эгер бир партиядагы талапкер тууган-уругун чакырып, ошол эле партиядагы башка талапкерге добуш бербегиле деп үндөсө эмне болот? Жаман ойлуу бирөөнүн айынан партиянын иши артка кетип калбайбы?"- деп кооптонду.   

 

Ишенбай Кадырбеков буга жол берилбей турганын, тизмедеги ар бир талапкерге округдан 5 пайыздык чекти басып өтүү деген шарттын бар экендиги менен түшүндүрдү. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: