"Газпром Кыргызстан" 38чи калктуу пунктту жаратылыш газына кошту. Ал - Алтын-Ордо жаңы конушу
Компания Алтын-Ордо жаңы конушундагы 1800 жогору турак үйдү жаратылыш газы менен камсыз кылуу үчүн 25 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрүн курду. Өлкөнү газдаштыруу деңгээли 35% түздү, бул «Газпром Кыргызстан» өз ишмердүүлүгүн баштаганга чейинки деңгээлден 13%га жогору.
Көптөгөн кыргызстандыктарды жаратылыш газына кошуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, жыл сайын "Газпром Кыргызстан" компаниясы жаңы газ тармактарын жана объекттерин куруу боюнча инвестициялык программасын ишке ашырууда. 2021-жылы "Газпром Кыргызстан" Алтын-Ордо жаңы конушунан тышкары Көк-Жар айылында жана Рухий-Мурас конушунда газ тармактарын курмакчы.
«Газпром Кыргызстан» 2016-2020-жылдары:
- "Бухара газ району – Ташкент – Бишкек – Алмата" магистралдык газ өткөргүчүнүн 112 чакырымы курулду жана реконструкцияланды;
- 38 жаңы конуштарда жана калктуу пункттарда жалпы узундугу 875 чакырымдан жогору көчө газ өткөргүчтөрү курулду. Жаратылыш газына кошулууга 36 000 турак үй – 200 000 жашоочу мүмкүнчүлүк алышты;
- Бишкек-2, Сокулук, Токмок, Кант газ бөлүштүрүүчү станциялары реконструкцияланды;
- "Бишкек-Кант-Токмок" бөлүп кетме газ өткөргүчүнүн 67 чакырымы реконструкцияланды;
- Ленинское айылында АГТКСсы реконструкцияланды;
- Жалпы аянты 31 400 чарчы метрди түзгөн өндүрүштүк имараттар курулду;
- Эскилиги жеткен 100 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөр толук оңдоодон өткөрүлдү.
2018-жылдан бери Кыргызстанда жаратылыш газына өтүү трендге айланды – аны колдонуу 40%га жогорулады. Бул жаратылыш газынын экологиялык жактан таза, турмуш-тиричилик жана жылытуу шартында колдонууда жөнөкөйлүгү менен түшүндүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын ишмердүүлүгү башталган убакыттан тартып жаратылыш газын колдонуу кантип өскөн:
- 210 миллион куб метр — компаниянын ишмердүүлүгү башталганга чейинки 2014-жылдагы жаратылыш газын колдонуу көлөмү;
- 2020-жылы кыргызстандыктар 280 миллион куб метр колдонушкан. Өсүш — 70 миллион куб метрди түзгөн;
- 40% — 2014-жылдан 2020-жылга чейин калк арасындагы жаратылыш газынын өсүшү;
- 60 000 жогору — 2014-жылдан бери абоненттердин өсүшү.
