super.kg logo

"Кайнагасы келинин өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган деген божомол бар". Милиция Ат-Башыда сөөгү табылган келиндин окуясын айтты

 

Буга чейин Ат-Башыда 2 күн мурда жоголгон келиндин жансыз денеси табылганы кабарланган.

SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын тактоо максатында Нарын ОИИБине кайрылганда, төмөнкү жагдайлар белгилүү болду.

Маалыматка караганда, 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка асынып каза болуп калганын билдирген.

"Окуя болгон жерге тергөө тобу барган учурда 50 жаштагы эркек адам жип менен асынып турган абалда табылган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, анын моюнунда жиптин издери жана оң колунун манжалары курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге маркум кишинин 49 жаштагы бир тууган иниси чакыртылган. Ошондой эле ал 15-июндан тарта 38 жаштагы аялы дайынсыз болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү суранып арыз жазган.

Арыз Ат-Башы РИИБинин маалымат эсеп журналына катталып, издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Окуя болгон жерден алыс эмес, тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыктагы жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу дайынсыз болуп жаткан келин экендиги такталган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, күч колдонулган белгилери аныкталган.

Милиция кызматкерлеринин алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган", - деп билдиришти Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак берүүдө. Бул окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
17.06.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирөө өлтүрүп эле кеткен окшойт, иштин женил жагын эле карап жатат окшойсунар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: