super.kg logo

Ошто "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 16-июнь күнү Кара-Суу РИИБинин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан буга чейинки козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун 23 жаштагы тургуну кармалган.

Аталган жаран “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары жүргөн, тагыраак айтканда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмунун аудио-видео материалдарын, жана отрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды, тергөө амалдары уланууда. Ал эми аталган кылмыш ишинин алкагында башка да кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: