super.kg logo
  Спорт  

Легендарлуу дарбазачы Жанлуиджи Буффон италиялык "Парма" клубуна өттү

 

Жанлуиджи Буффон италиялык "Парма" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Дарбазачы буга чейин 1994-жылдан 2001-жылга чейин "Парма" командасында ойноп келген. Буффон бул команданын тарбиялануучусу. 43 жаштагы дарбазачы "Парма" клубуна эркин агент катары кошулган. Бул клубдун расмий сайты Буффонду "Супермен кайтып келди" деп тосуп алышкан.

Буффонго "Барселона", "Спортинг" жана түркиялык "Бешикташ" клубдарынан сунуштар болгон. Бирок ал карьерасын баштаган Пармада ойноо үчүн бул сунуштардын бардыгын четке каккан.

2001-жылы Жанлуиджи Пармадан Ювентуска 52 миллион еврого өтүп, бул клубда 19 сезон ойногон. Буффон Италия чемпиондугун 10 жолу жеңип, өлкөнүн 4 Кубогун жана 6 Суперкубогун жеңип алган. Буффон Ювентус менен үч жолу Чемпиондор Лигасынын финалына чыккан, бирок үч ирет тең жеңилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: