super.kg logo

Дарыгерлерге компенсация. Бүгүнкү күндө 33 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон төлөндү

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө жалпы канча ак халатчанга кенемте төлөнгөнүн маалымдады. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы 1 миң 121 дарыгерге 200 миң сомдон төлөндү. Ал эми каза болгондордун ичинен 33 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, коронавирус инфекциясын жуктурган медициналык жана башка саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле эмгек милдеттерин аткарууда коронавирустан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөнүн тартиби бар. Бир жолку компенсация 2021-жылдын 11-январына чейин документтерин тапшырган медицина кызматкерлерине төлөндү.

"Бүгүнкү күндө документтери комиссия тарабынан каралган жалпы 1121 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, ал эми каза болгон 33 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрү ар бири 1 миллион сомдон алышты.

Каралбай калган документтер кызматкерлердин иштеген жайларынын жетекчилерине бир аптанын ичинде карап чыгуу тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: