Кубакыда ашуусунда жүк ташуучу унаа жардан кулап кетип, 2 адам каза болду



Нарын облусунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Кубакы ашуусунда MAN оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.