super.kg logo
  Спорт  

"Евро-2020": Түндө эки команда плей-оффко чыкты. Кайсы командалар? (оюндардын жыйынтыктары)

 

Бельгиянын футбол боюнча курама командасы "Евро-2020" турниринде катары менен экинчи жеңишине жетип, плей-офф баскычына мөөнөтүнөн мурда өттү. Дания курама командасы менен болгон оюн 2:1 эсебинде бельгиялыктардын жеңиши менен аяктады.

Бул оюн Коппенгаген шаарында болуп өттү. Үй ээлери оюнду өтө тез башташты. Оюндун экинчи мүнөтүндө эле "Лейпциг" клубунун чабуулчусу Юссуф Поульсен бельгиялыктардын дарбазасына биринчи голду киргизди. Калган мүнөттөрдө эсеп саны өзгөрбөй, командалар эс алууга кетишти. Оюндун экинчи бөлүгүндө, тагыраагы 55 жана 70-мүнөттөрдө Торган Азар жана Кевин Де Брюйне гол жаратып, оюнга чекит коюшту.

Мындан тышкары Нидерланды курамасы Амстердам шаарында Австрияны 2:0 эсебинде утуп, тайпада катары менен экинчи жеңишине ээ болуп, плей-оффко чыкты.

Бул күндүн үчүнчү беттешинде Украина курамасы Түндүк Македония курамасын өз үйүндө 2:1 эсебинде жеңип, керектүү делген 3 упайды ала алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: