БШКнын мүчөсү "биометриялык паспорт аркылуу добуш берүү менен таза шайлоо болбойт" дейт
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков шайлоолордо биометриялык паспорт менен добуш берүү идеясын колдобойт. Муну ал 25-октябрдагы "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында айтты.
Автор: Автандил Добулбеков
"Биометриялык паспорт аркылуу добуш берүү менен акыйкат шайлоо өткөрүүгө болбойт. Компьютер шайлоочунун бармак изи аркылуу бюллетень алды деп белгилегени менен, компьютерден эмне чыкканын эч ким айтпайт",- деди Кадырбеков.
БШКнын мүчөсү бюллетендерди электрондук эсептөө ыкмасы боюнча Латвияны мисал келтирди. Бул процесстин видеосун көрсөтүп берген Кадырбеков мунун артыкчылыгына токтолду. "Ар бир шайлоочуга штрих коду бар бюллетень салынуу конверт берилет. Мен өзүм тандаган талапкерге добуш берем да, бюллетень салынган конвертти урнага салам. Добуштарды эсептөө сканер аркылуу өтүп, жыйынтыгы автоматтык түрдө эсептелип турат. Маалымат шайлоо участкасындагы серверге кетет",- деди Кадырбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

