super.kg logo

УКМК: "Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды

 

"Кумтөр" иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мурунку биринчи вице-премьер-министр Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатканда, канадалык "Центерра" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр" кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.

"Тергөө иштеринде Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен "Центерранын" кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган.

Мындан тышкары Сарпашев кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Кумтөр Голд Компания" ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, "Кумтөр" кенинде жайгашкан "Лысый" жана "Давыдов" мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" беренеси менен кылмышка шектүү делинип кармалды", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Жакынкы аралыкта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.06.2021. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ташиев кочугу бок аткаминерлерди камчылаган атына заты жарашкан чыныгы элдин уулу экендигин кун сайын далилдеп келет, бактыбыз бар экен, уучубуз куру эмес экен демек!!!
18.06.2021. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин чондордун баарыле коррупцияга башына чейин эле батып кеткен окшойт, кумтор кобунун тубуно жететго
18.06.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кескиле 20 жылга
18.06.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушулар соруп койгон тура
18.06.2021. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сарпашевди кустуруп анан 25 жылга кесиш керек
18.06.2021. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир айдан кийин чыгат кайрале
19.06.2021. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир Сариев качан кармалат экен. Ошол киши да көөп кыргыздын келечегине балта чапкан киши
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: